“Эч кимден качкан жокмун” Бабанов Кыргызстандан эмнеге кеткендигин айтты

74

26-сентябрдын таңында Өмүрбек Бабанов депутат Мирлан Жээнчороев менен бирге Москвага учуп кеткендиги маалым болгон. Бабанов өзүнүн сыртка чыккан сапары тууралуу төмөндөгүдөй комментарий берди.

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн менин персонама болгон кызыгуусуна ыраазычылык билдирем. Мен өз иштерим менен алекмин, алар ички да, эл аралык да каттамдарга чыгууну талап кылат. Эч жакка, эч кимден качкан эмесмин, качкан жокмун. Сиздер билгендей, күбө катары тергөө органдарына өз убагында барып турам, ушул убакыттын ичинде аларга бардыгын түшүндүрүп, актыгымды далилдей алдым деп ишенем. Ал эми менин кыймылыма чектөө жок. Андыктан өз иштерим менен тышка учуп чыккам, анан албетте өз мекеним Кыргызстаныма келем!

Хочу поблагодарить представителей средств массовой информации за активный интерес 🙂 к моей персоне. Я занимаюсь своими…

Опубликовано Омурбек Бабанов Четверг, 26 сентября 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь