Журналист Адилет Айтикеев АКШда грин-карта утуп алды. Бул тууралуу маалыматты ал 24.kg агенттигине билдирген.

Адилет Айтикеевдин айтымында, ал АКШда качкын макамын алган эмес.

«Мен качкын макамын алуу үчүн үч жылдан бери кезекте турганмын. Ошол эле учурда грин-карта алуу үчүн да кагаздарды тапшырганмын. Жакында грин-карта утуп алдым. Эми качкын макамын албайм. Ал иш жабылат. Ал үстүнө Кыргызстанда дагы кырдаал өзгөрүп калбады. Мен Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда куугунтукка алынган болчумун», — дейт Адилет Айтикеев.

Журналист 2016-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен. Быйыл август айында, Кой-Таштагы окуядан кийин анын иниси, «Апрель» телеканалынын журналист Мирбек Айтикеев дагы АКШга кеткени айтылууда.

«Мирбек кайда жүргөнүн билбейм. Маалыматым жок, жанымда эмес», — дейт Адилет Айтикеев.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: