Индиянын 24 жаштагы тургуну Тонке атуу аял үч колу бар, төрт буттуу кыз төрөгөнүн New York Post билдирди.

Ымыркайдын ашыкча мүчөлөрү анын төшүнөн жана курсагынан өсүп чыккан. Индиялык дарыгерлердин айтымында, мурда кош бойлуунун үч эм төрөөрүн болжошкон. Бирок, тилекке каршы эки түйүлдүк үчүнчүсүнө жабышып, толук кандуу өрчүй албай калган.

Ал кош бойлуу кезинде бир да жолу курсактагы баланын ден-соолугун аныктоочу аппаратка (УЗИ) түшкөн эмес. Бирок, дарыгерлер наристеге жабышып чыккан ашыкча мүчөлөрдү кесип таштап кызды аман алып калууга мүмкүн экенин айтып үмүт беришүүдө. Тонкенин мындан башка бир уулу бар. Ал ден-соолугу чың, акыл эстүү чоңоюп жатат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: