Орусиялык алып баруучу Андрей Малаховдун кыргызстандыктарга кайрылуусу starhit.ru сайтына жарыяланды.

Алып баруучунун жеке пикири эркин жашаган Кыргызстандын элине ушунча нааразычылыкты жаратат деп эч качан элестеткен эмесмин. Бирок эки сутканын ичинде Владимир Маруговдун уулунун өлүмү боюнча “Андрей Малахов. Прямой эфир” программасына 20 000 билдирүү алдым”,- дейт Андрей Малахов.

Орусиялык алып баруучу программада ондон ашуун улуттун өкүлдөрү ынтымакта эмгек кылып келээрин кошумчалады. Ал эми чуу жараткан берүүдө кайгыга батып турган энени журналист катары коргоп, уулу эмне себептен өмүр менен коштошконун бирге түшүнүүгө аракет жасаганын айтат.

Малахов мыйзам алдында улутуна карабай бардыгы бирдей деген пикирди карманат.

Мен кыргыздарды менин сүйүктүү Чыңгыз Айтматовум жана окуу китебинде сүрөттөрү түшүрүлгөн Семен Чуйков аркылуу гана эмес, жеке жолугушуулар аркылуу таанып билем. Менимче өзүмдүн журналисттик милдетимди аткардым.  Менин сөзүмдү айрым кыргыздар туура эмес түшүнгөнүнө өкүнөм. Мен тынчтык жана коңшулук мамиле жана адилеттүүлүк, эркин сөз үчүн! “,- деп сөзүн жыйынтыктады.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: