Атамбаевдин жансакчысы тергөө абагына киргизилди (видео)

88

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты деп жазат “Азаттык”.

Сот Сагымбаевдин баш коргоо чарасы карап, аны 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагында кармоо чечимин кабыл алды.

Сагымбаев 24-сентябрдын кечинде Аскер прокуратурасында сурак бергенден кийин эки суткага камалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) кызматкери Канат Сагымбаев Атамбаевдин жеке жан сакчысы катары иштеп жаткан. 20-сентябрда атайын кызмат анын жумуштан алынганын тастыктаган.

УКМК Сагымбаев быйыл июль айында кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы тапшыруу боюнча көрсөтмөнү аткарбай койгону жана ички жобого карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барганы үчүн иштен алынганын билдирген. Адвокаттын айтымында, Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдары же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене менен айып коюлуп жатат.

Экс- сотрудника 9 отдела ГКНБ Каната Сагынбаева, решением Первомайского районного суда поместили в СИЗО-1 до 8 октября текущего года.

Опубликовано Нурис Алымбаев Четверг, 26 сентября 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь