Боом капчыгайында 30-сентябрдан 4-октябрга чейин жол кыймылы саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 5 күндө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 131-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.  Жолго 30-40тай автоунаа чогулганда таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлүп турат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: