56 жаштагы Малайзиянын жашоочусу Мохда Разин Мохамеда газдалган таттуу суусундукту жакшы көрүп аны тынбай ичкендиктен, колунан айрылды. Дарыгерлер, ал күн сайын газдалган таттуу ичимдиктерди ичкендиктен диабет оорусуна чалдыкканын айтышты.

Мохда күн сайын Куала-Лумпурдун борборундагы иш кеңсесине барып, жок дегенде экиден банка газдалган суусундук иччү. Таттуу суусундуктарды абдан жакшы көргөндүктөн ал эки ирет белгисиз себептер менен жумуш ордунан эсинен танып жагылып калган. Дарыгерлер текшерип, оорусун аныктагандан кийин анын далысында жара пайда болот. Ал күндөн-күнгө чоңоюп өсө баштаган. Оорусу күчөп чоң тешикке айланган кезде гана Мохда дарыгерлерге кайрылууга мажбур болгон.

Чукул арада ага операция жасалып, жабыркаган териси алынып таштап, антибиотик менен дарылоого өтүшкөн. Көп өтпөй, ал колу жана кол сөөктөрү сезбей жатканын байкаган. Азыр ал далысындагы жан чыдагыс оору менен күрөшүп жатат. Эскертүү: Газдалган таттуу сууларды аз өлчөмдө ичиңиз!

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: