Баткен облусунун Сүлүктү шаарында балдар чаң жутуп мектепке барып жатышат. Бул тууралуу Элдик Медиага окурман билдирди. Анын айтымында аталган шаардын Бактыбек көчөсүнөн Макаевка чейинки бөлүгүндө мектеп жайгашкан. Аталган жол аркылуу балдар окууга барышат. Бирок жол дегени менен же асфальты жок, же жолдогу топурак бастырылбайт.

Канчалаган шахталар иштеп турат, бир күнгө бир жолу суу чачып же жолду оңдоп койо албайт. Эртең менен балдар мектепке, бала бакчага бара жатканда ушу көчөдөн унаалар жүргөндө көчө туман болуп чаңызгытып кетет.  Балдар чаңда калып жатат.  Ошого сууканалдын унаасы бир маал эртең менен суу чачып берсе“, -деп окурман Сүлүктү шаарынын мэриясына кайрылды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: