Ош шаарында коншу өлкөдөн мыйзамсыз алынып келе жаткан дээрлик 3 млн сомдук кургатылган жемиштер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
24-сентябрь күнү Ош шаарында кыргызстандык жаран айдап келе жаткан “DAF 105” үлгүсүндөгү унаа токтолуп, текшерүүгө алынган. Унаада коңшу өлкөдөн алынып келе жаткан 2 млн 892 миң 720 сомдук кургатылган өрүк, мейиз, жаңгак жана өрүктүн данектери болгон. Бирок айдоочуда жүккө тийиштүү документтер болгон эмес.
Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.