Ошко учуп келе жаткан учак Самара аба майданына шашылыш конду

75

Москванын «Жуковский» аба майданынан Ош шаарына учуп келе жаткан учак Самара аба майданына шашылыш конууга аргасыз болду. Бул тууралуу РИА Новостиге таянып 24кж жазды.

Маалыматка караганда, учактын ичиндеги жаш бала өзүн жаман сезгендиктен шашылыш конушкан.

Куйбышев транспорттук прокуратурасынын маалыматына ылайык, учак кечээ «Курумоч» аба майданына конгон. Балага курч мүнөздөгү вирустук инфекция деген диагноз коюлуп, ооруканага жаткырылды. Кийинчерээк учак Ошко учуп кеткен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь