Күтпөгөн жерден кокустук болушу мүмкүн! АКШнын Теннеси штатынын жашоочусу Джейн Шарп тырмагын жасатуу үчүн сулуулук салонуна барган. Тырмагын жасатып жаткан учурда тырмак адиси аялдын тырмагынын четинен кичинекей жерин кокустан кесип алган. Адатта мындай нерсе болуп тургандыктан, ага терең маани деле берген эмес.

Ошол түнү Джейндин колу чыдатпай ооруп кыйналып чыккан. Дарыгерлер текшерип көрүп, дене жегич бактериялар тырмактын астына киргенин айтышкан. Жабырлануучу убагында ооруканага кайрылбаганда бир гана манжасынан эмес, бир колун толугу менен жоготуп алуу коркунучу болмок экен. Джейн кайра манжаларынын кыймылга келүүсүн, сезүү нервдери өз калыбында иштегенге чейин бир канча оор операцияларды башынан өткөрдү.

Иммундук системасы начар адамдарда мындай ооруну тез эле жуктуруп алуу коркунучу болот. Джейн буга чейин кант диабети менен ооругандактан бактерияны кабыл алуусу тез болгон. Кандай болсо да сулуулуктан ден-соолук баалуу болоорун биле жүрүңүз.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: