2020-жылдагы парламенттик шайлоого бюджеттен 1,2 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Ал билдиргендей, бул чыгымдар 2020-жылдын бюджетине киргизилет.
Андан тышкары, өкмөт башчы маалымдагандай, 2020-жылы калкты кайра каттоо жүргүзүлөт, ага 240 млн сом бөлүнөт. “Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Токиодогу ОлимП оюндары өтөт”, – деп билдирип, ал жакка да бюджеттен каражат бөлүнө тургандыгын айтты.
Белгилей кетсек, учурда премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны өтүүдө.