Казакстандын Атырау облусунун Индера районунун аймактарынан эбегейсиз чоңдуктагы сөөк табылганын KAZ.NUR.KZ. сайты жарыялады.

Кечээ, Узакбай Шахмет аттуу Казакстандын жергиликтүү тургуну өзүнүн Facebook баракчасына байыркы замандарда жашап кеткен алп жаныбардын сөөгүн сүрөткө тартып жайгаштырган. Сөөктүн чоңдугун жанындагы “УАЗ” автоунаасынын чоңдугу менен салыштырган. Индер районундагы жергиликтүү «Дендерг» гезити жарыя кылгандай, Сөөктүн туурасы 1 метр, салмагы 26 кг турат. Табылганы атайын адистер гана изилдеп чыккан соң, кайсыл доорго жана кайсыл жаныбарга тиешелүү экендигин аныкташат. Мамонттун сөөгү болушу мүмкүн деген азырынча божомолдор бар. Алп сөөк Атырау облусунун Индер жана Махамбет аймактарынан табылган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: