Коомчулукта талкууга алынган ” Ынтымак” паркына жакын жайгашкан автокинотеатр алынып салынат. Бул туралуу мэриянын басма сөз кызматты билдирди.  Аталган жайда буга чейин порно фильм көрсөтүлүп жаткан видео  тараган. Учурда иликтөө иштери жүруп жатканын кошумчалады.

“Махабат сейил багында мыйзамсыз орнотулган автокинотеатр алынып салынат.  Келишим жокко чыгарылып, иш сотко берилди. Автокинотеатрдын жери Тыныбекова А. жаранына унаа койуучу жай катары ижарага берилген. Жерди кайтарып алгандан кийин, биз ал жерге ден-соолук сейил багын жасайбыз”- деди маалымат катчысы .

Бирок буга чейин Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев өзүнүн фейсбук баракчасына төмөндөгүдөй пикир калтырган.

Урматтуу достор.
Бишкектеги бир паркыбыздын жанында, жеке ишкер ачык аба кинотеатрында кино көргөзүп бизнес кылат.
Эми ошол жерде бир эпизод эротикалык мааниде болот. Аны да бир жаран жолдон өтүп бара жатып тартып алат. Окуя ушундай.
Эми бул ишкерге Мэрия эротика көргөз деп буйрук берген эмес, же мыйзамды буз деп бул абсурд.
Биздин бул жерде кандай тиешебиз бар??
Бизнес коомдун алдында өз милдеттерин так аткарыш керек. Ал коомдук баалуктарды сакташ керек сактабаса жазасын алат, мыйзам чегинде. Рахмат.” 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: