Нарын шаарында Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөттүн өкүлдөрү эл менен жолугушкан. Бирок интернет колдонуучулар иш чра максатына жетпегенин жазып чыгышты. Турмуш басылмасынын кабарчысы Ширин Жолдошбек кызы окуяны төмөдөгүчө жазып чыкты.

“Нарындагы жыйында сөз сүйлөө боюнча дежур эже- байкелер карапайым элдин да, жаштардын да көйгөйү көп аларга да сөз бергенди үйрөнгүлөчү. Бүгүн ЖК депутаттарына суроо берем деп тээ айылдан бери жол карытып келген элдин, убактысын коротуп, биздин үн угулат экенби деп үмүттөнүп келген жаштардын үнү угулбай калды. Качан болбосун ошол дежур адамдардын, дежур суроосу, өзүнө тиешелүү гана окшош суроолор. Элди да сыйлаганды үйрөнсөк жакшы болот эле. Сөз сүйлөөгө кезекке тургандарды улуулукка салып артка түртө салганыңар уятко. Аягында силердин айыңардан баары чыгып кетип зал бош калды.Келген депутаттарда деле күнөө жок, алар берилген суроолорго гана жооп берип отурушту. А силер жанталашып эле өздөрүнүн дайыма айтылчу сурооңорду берип убакытты чойдуңар атайын.
Мустафа Жумаканов уюштуруп берүүдө модератор дайындап коюш керек болчу окшош суроолорду азайтып, кийинкилерге убакытты созбой сөз берип турганга. Нааразы болуп чыгып кеткен эл эле эмес, бери жактагы тартып отурган мен да нааразымын.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Алтынбек Жунус уулу жана  өкмөттүн 8 өкүлү катышып, тургундардын суроолоруна жооп беришкен. Жолугушууга Ат-Башы, Нарын райондорунун тургундары дагы келишкен. Бирок алар иш-чаранын ортосунда залдан чыгып кетишти. Себеби аларга Нарын шаарынын айрым тургундары сөз бербей, микрофон талашып калышкан.

сүрөт: турмуш

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: