28-сентябрь күну Ош шаарында “Азаттыктын” оператору Айбек Кулчумановго    белгисиз төрт адам күч колдонуп  жумуш шаймандарын тартып алышкан.  Бул туралуу Ош ШИИБнин фейсбук баракчасына жарыяланды.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча  “Азаттык” радиосунун оператору бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үйүнө жакын жерде дрон менен шаарды тасмага тарып жаткан. Ошол учурунда белгисиз 4 жаран келип «Райымбек Матраимовду тартууга ким буйрук берди?» деп суракка алган.

Андан соң алардын бирөөсү оператордун колундагы дрондун пультун жана телефонун жулуп алган. Экөө унаадагы штатив менен видеокамераны алып кетишкен. Дагы бири  Кулчумановду суракка алган. Аталган окуядан соң дрон жоголуп кеткен. «Азаттык» үналгысы жалпы 1,5 млн сомдон ашуун чыгым келтирилгенин кабарлады.

Бирок эки тарап тен арыз жазды.  Биринчиси 4 жигиттен каракталган Айбек Кулчуманов болсо Кулчумановдун дарегине эки арыз жазган  Матраимовдун кошуналары.

Алардын арызы “ жашаган үйүнүн үстүнөн белгисиз дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербестен видеотасмага тартып жатат, үйдө жашаган адамдардын коопсуздугуна шек келтирип, жеке жашоосуна кийлигишип, алардын өмүрүн коркунучка салып жатат. Бул адамдар кимдер, кимдердин буйругун аткарып жүрүшөт? Бирөөлөрдүн жеке менчик үйүн видеого тартканга кандай укугу бар? – деген

Ал эми  экинчичи  арыз ээси короодо турган учурда башына белгисиз учуп жүрүүчү дрон келип түшкөндүгүн анын натыйжасында денесине залал келтирилгендигин билдирген. Бирок дрондун пултьун тартып алганда ал башкаруусуз калганын эске алуу керек экенин унутуп калгандай

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: