Музыка угуп жаткан жеринен уюлдук телефон жарылып 14 жаштагы кыз каза болду

465

28-сентябрь түнү он төрт жаштагы  Абзалбек Алуа Асет кызы телефонун токко сайып уктап жаткан жеринен апарат жарылып кетип натыйжада кыз каза болду. Бул туурасында казак басылмалары билдирет.

Эске салсак буга чейин да бул сыяктуу окуялар катталып келген. Ага байланыштуу тиешелүү эксперттер телефонду башка жазданып жатуу, же токко сайып калтыруу кооптуу экенин байма-бай билдирип келишет.

Ал эми окуяга кайрылсак, аталган кырсык Алма-Ата облусуна караштуу Кара-Тал районунун Бастөбе айылында болгон. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери эч-кандай зордук зомбулук болбогонун тастыкташат. Курман болгон тогузунчу класстын окуучусу музыка угуп жаткан жеринен көз жумган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь