“Азаттык” радиосунун Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков аталган радионун журналисттери иликтөө жүргүзүү учурунда тоскоолдук жараткан адамдар тууралуу билдирүү таратты.

Эске салсак, “Азаттыктын” кабарчылары журналисттик иликтөө жүргүзүп жаткан. Ал убакта чоочун адамдар келип чыгармачыл топтун жабдыктарын тартып алган. Буга күбө болгон такси кызматкери төмөндөгүлөрдү айтат.

Мен бул аймакка жеткирүүнү суранган журналисттерди жеткирдим. Келген соң журналисттер бийиктикке учуучу дрон видео камерасы менен тасмага тартууга өтүштү. Мен карап турдум, бир кезде эки жигит келип телефон жана дронду башкаруучу жабдыкты тартып алышты, алар Матраимовдун балдары экенин билдик, андан кийин дагы эки бала кошулду. Күч колдонуп кылган кадамдары туура эмес деп түшүнөм”- деп билдирет күбө.

Бул окуя боюнча Ош шаардык милиция башкармалыгы да расмий маалымат таратты. Мекеменин билдирүүсүндө “Азаттык” радиосунун жалпы чыгымы 22 миң АКШ долларын түзөт.

Ал эми Ыдырыс Исаковдун билдирүүсүнө кайрылсак эч-кандай журналистик этика бузулган эмес жана иликтөө учурунда тоскоолдук кылып, тасмага түшүрүүгө керектелүүчү жабдыктарды тартып алгандар мыйзам чегинде жоопко тартылуусу абзел.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: