Бишкекте жолду сырга булгаган айдоочуга айып пул салынды (сүрөт)

97

Бишкектин Жибек Жолу проспектиси менен Эркиндиктин кесилишиндеги жол сырга булганган. Белгилүү болгондой, кичиавтобустун айдоочусу дароо токтоткондо унаада жүктөп бара жаткан сырлар жолго куюлуп калган.

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир күн бою жолду тазалашкан. Адегенде 4 кап кум себилип, колу менен кырып чыгышкан.

Ал эми ЖКККББ бусту айып короого токтотуп, айдоочуга 20 миң сом айып пул салды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь