????????????????????????????????????

Россияда туугандары менен байланышы үзүлүп, дайынсыз жоголгон Кыргызстандын тургунунун кайда жүргөндүгү аныкталды.

17-сентябрь күнү ички иштер министри К.Джунушалиевге арыз менен 1962-жылы туулган М.Г. кайрылып, дайынсыз жоголгон кызы Баткен облусунун 1998-жылы туулган О.Р. табууга көмөк көрсөтүүнү суранган. Маалымдагандай, кызы 2018-жылы сентябрда Москвага иштегени кетип, январь айынан баштап белгисиз себептерден туугандары менен байланышты үзгөн. Аталган кайрылуу министрдин көзөмөлүнө алынып, ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Россиянын аймагында дайынсыз жоголгон О.Р. аттуунун кайда жүргөндүгүн тактоо жана текшерүүнү уюштуруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн кыз ушул жылдын жай мезгилинде кылмыш жасоого шектелип укук коргоо органдары тарабынан кармалганын, учурда аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы аныкталган.

Дайынсыз жоголгон кыз 2019-жылдын июнь айында Орлов облусунун аймагында укук коргоо органдары тарабынан “Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө баңги каражаттарын, акыл-эске таасир этүүчү каражаттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же жөнөтүү, андан сырткары курамында баңгизаты же акыл-эске таасир этүүчү каражаттар бар өсүмдүктөрдү мыйзамсыз сатуу же жөнөтүү” беренеси менен кылмышты жасагандыгы үчүн кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Азыркы учурда Россиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын башкармалыгынын тергөө абагында камакта.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: