Азаттык радиосунун мурдагы журналисти, учурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон Жанар Акаев “Азаттыктын “кызматкери Айбек Кулчуманов менен Матраимовго байланышкан окуяга өз пикирин билдирди. Анын айтымында бул окуя терең иликтенип укук коргоо органдары акыйкат жыйынтык чыгарышы керек.

– Биз түшүнүктөр менен эмес, мыйзам менен жашашыбыз керек. Кыргызстанда ким гана болбосун, ал Матраимов болобу, Абылгазиевби же журналист болобу, мыйзамдан жогору болбошу керек. Мен Ош милициясынын жетекчилерине телефон чалып, бул иште тааныш-билиштикке же таасирге эмес, мыйзамга гана таянып иш алып барышы керек экенин айттым. «Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесинде так жазылып турат – коомчулукту кызыктырган маселени чагылдырууда журналистке эч ким тоскоолдук кылбашы керек. Ушул эле мыйзамдын 8-беренесинде «журналисттин маалымат алуу жана таратуу ишинде мамлекет гарант болот, аны эч ким чектей албайт» деп жазылып турат. Ал эми Жазык кодексинде болсо адамдын жеке жашоосун анын уруксатын албай туруп ачыкка чыгаруу жана маалымат чогултуу да мыйзамсыз экени жазылган. Ошондуктан бул маселеде чагымчылардын куралы болбой, эмоциялардан, кайым айтышуудан да милициянын терең жана калыс иликтөөсү абдан маанилүү. Өзгөчө Ошто жоон билектер үстөмдүк кылган окуялар улам болуп жатат, муну тартипке салып коюш кыйын эмес, бирок тиешелүү жетекчилердин ошого эрки жетпей жатканы өкүнүчтүү.

Эскерте кетсек буга чейин Матраимовдордун адамдары “Азаттыкттын” оператору Айбек Кулчумановдун техникалык жабдууларын карактады деген маалымат тараган.

Ушул жылдын жаз айында Матраимовдор өткөргөн турнирге Жогорку Кеңештин депутаттары анын арасында Жанар Акаев  дагы катышкан.

Булак: Азаттык

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0