Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен өлкөдө таза сууну ар бир айылга, ар бир үйгө жеткирүү иши жүрүп жатат. Бул үчүн бюджеттен миллиондогон сомдор бөлүнүп, ошону менен кошо сырттан да инвестициялар тартылууда.

Учурда Кыргызстан боюнча 584 айылда таза суу көйгөйү бар. Бул тууралуу Таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Кыргызстан боюнча 584 айылда таза суу көйгөйү бар. Быйыл жыл соңуна чейин 54 айылда таза сууга маселеси чечилет. Өткөн жылы 69 айылга таза суу киргизилген”, – дейт ал.

Таза суу менен камсыздоо маселесине эл аралык өнөктөштөр: Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам банкы, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы, Швейцария Конфедерациясы, Европа Биримдигинин каржылык колдоо көрсөтүүдө. Мындан сырткары, чет өлкөлүк кайрымдуулук жана гуманитардык уюмдар да көмөктөшүүдө. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1819 айыл бар.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: