Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 30-сентябрга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) суракка чакырылды. Бул маалыматты «Азаттыкка» Жээнбаева өзү ырастап, эмне иш боюнча чакырылганын айткан.

” Соттук өкүлчүлүк борборундагы төлөмдөр боюнча Финполго чакырышкан. Бирок мен анда иштеген эмесмин, ал 2012-2015-жылдары болгон төлөмдөр. Ошондуктан менин тиешем жок. Төлөмдөр Финансы министрлиги аркылуу өткөн да. Ошондуктан чакырып жатышса керек. Мен барганда деле эч нерсе айтып бере албайм”,- дейт. 

Жээнбаева 30-сентябрда иш сапарына кете турганын айтып, сурак берүү күнүн жылдырууну сурай турганын кошумчалаган.

Ал эми Kaktus.media жазган маалыматта, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери атайын күч түзүмдөрү менен биргеликте соттун чечиминин негизинде, Соттук өкүлчүлүк борборундагы төлөмдөр боюнча, акча каражаттарын максатсыз пайдалануу боюнча Каржы министринин кабинетин текшерүүгө алган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бюджеттен  1, 6 млн сом бөлүү каралган жерге,  6 млн сом акча максатсыз пайдаланганы айтылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча Бактыгүл Жээнбаева уруксат берүүчү документтерге кол койгон.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: