Ошто 4 жана 6 жаштагы бир туугандар сууга чөгүп кетти

170

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы эс алуучу жайлардын биринде 2 бир тууган сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИББдан билдиришти. Окуя 29-сентябрда болгон.

4 жана 6 жаштагы балдар ата-энеси менен чогуу эс алууга келишкен. Алар ойноп жатып, кокусунан балык баккан көлмөгө түшүп кетишкен. Балдардын денесин ата-энелери суудан алып чыгышып, тез жардам кызматына маалымдашкан. Бирок тез жардам кызматы жеткенге чейин эле ага-ини чарчап калышкан.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Балдардын ата-энеси медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь