Фарид Ниязов сотко алынып келди

137

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралат.

Эске салсак,Ниязов 10-августта 8-октябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев, Кыяз Смаилов, Фархад Баабиев, Карыпбек уулу Рыспек, Марат Шаменовго карата сот чечим чыгарат.

Алар 7-8-августта Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу «Адамдарды барымтага алуу» жана «Массалык баш аламандык уюштуруу» беренелери боюнча айыпталып жатышат.

Ирина Карамушкина өзүнүн тарапташтарын колдогону келгени айтылууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь