Чыпалак баатыр аты менен таанылган Зарылбек Аликенов эми музыка дүйнөсүнө аралашып, өзүн ырчы катары сынап баштайт. Бул тууралуу өзү «Баракелде» басылмасынын кабарчысына билдирген. Анын айтымында, Микаш аттуу жигит менен дуэт жаздырды.

«Өзгөчө ыр жаздырдым деп ойлойм. Өзүмдү ырчы катары да сынап көрүп, эгер элге жакса жаңы бийиктиктерди багындырам деп турам. Бул ырда өзүмдүн чыныгы жашоомду чагылдыргым келди. Тактап айтканда, ыр өзүмдүн жашоомдон алынып жазылды. Кудай буюрса жакшы кетти окшойт. Себеби жаңы эле телеканалдар менен радиолордон ырды сурап алышты. Мыкты ырчылар бул ырымды угуп, “мунуң хит болот” деп жатышат. Ырымдын сөзүн, обонун Микаш аттуу таланттуу жигит жазды. Экөөбүз дуэт ырдап чыгабыз», – дейт Зарылбек Аликенов.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: