Бишкек шаарындагы «Ынтымак» жаңы паркынын аймагындагы чоң экран бузулду. Бул тууралуу мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин аталган паркка орнотулган чоң экран аркылуу эротикалык тасма көрсөтүлгөн болчу. Ага күбө болгон окурмандар тартып алган видеодон чет өлкөлүктөрдүн «Кумар» («Соблазн») тасмасын көрүүгө болот. Шаар тургундары бул тасмада төшөк оюндары көп экенин белгилеп, нааразы болушкан.

Кийинчирээк бул окуя боюнча мэрия билдирүү таратып, ал чоң экран мыйзамсыз орнотулгандыктан алына турганын айткан. Бүгүн эртең менен жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери чоң экрандагы электр жарыгын өчүрүштү.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: