Мамлекет Кумтөр кенинин экологиялык коопсуздугун жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз иш алып барууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев комбинатка барып, кендеги жумушчулар менен жолуккан учурда билдирди.

Өкмөт башчы иши сапарынын алкагында «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен бирге оор техникалар колдонулган карьерди көрдү, ошондой эле алтын өндүрүүчү фабрикага барды.

Премьер-министрди жашоо шарттар жана өндүрүш процесси, геологиялык-изилдөө иштеринин жүрүшү менен тааныштырышты.  Абылгазиев ошондой эле калдык сактоочу жерди көрүп, калдык сактоочу дамбага мониторинг кыла турган система менен таанышты.

Мындан тышкары Өкмөт башчы компаниянын жумушчулары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди .

«Биз бүгүн жумушчуларга түзүлгөн шарттар менен тааныштык. Компания бир жылдан ашык убакыттан бери жумуш убактысын текке кетирбей иштеп жатканы кубандырат, бул өндүрүштөгү биздин жарандардын коопсуздугун көрсөтүп турат. Кумтөр маселеси биз үчүн канчалык маанилүү экенин коомчулук билет. Биз экологиялык коопсуздук, экономиканы, өнөр жайды өнүктүрүү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүнү эсепке алуу менен, кендин мындан ары иштөөсүнө багытталган максаттарды койдук», – деди Премьер-министр.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: