29-сентябрда “Азаттык” менен Матраимовдордун Оштогу кагылышуусу тууралуу маалыматтар пайда болгон. Анда айтылгандарга караганда, Ош шаарын тартып жүргөн аталган радионун операторун Матраимовдор уруп койгон. Nazarnews.kg сайты жабыр тартты делген “Азаттыктын” оператору Айбек Кулчумановдын анын чындыгын дагы билүүгө кызыктык:

– Айбек, учурда ден-соолугуң кандай?

– Азыр өзүмдү бир аз жакшы сезип калдым. Жыйынтык чыга элек. УЗИге түштүм, анда жеңил жаракат бар экенин айтышты. Эми рентгенди күтүп жатам, ошого түшкөндөн кийин ага жараша медициналык жыйынтык чыгат.

– Болгон окуяны өз оозуңан уксак, ызы-чуу жараткан тасма эмне жөнүндө эле? Чын эле Матраимовдорго тиешеси барбы?

– Оштогу “Келечек” балдар үйүнүн карамагындагы талаштуу участоктор тууралуу тартып жатканбыз. Мындан бир ай мурун ал талаштуу участоктор, тосулуп калган дубал боюнча биздин кабарчыбыз тартып келген. Тапшырма боюнча мен ошол балдар үйүнүн үстүнөн аэросьемка менен топографиялык кадр алганмын, аралыгы деле алыс болучу, 130-150 метр бийиктикте.

– “Азаттыкка” ал “Келечек” балдар үйү атайын кайрылганбы?

– Ошону чынында так билбейт экенмин. Бирок, мага ошол участокту тартып келүү боюнча жетекчилик тапшырма берген.

– Демек, мында Матраимовдорго тиешелүү нерселер болушу толук мүмкүн экен да?

– Балдар үйүнүн жанында Матраимовдордун үйү бар экен. Менимче, ошол балдар үйүнүн ортосунан участок алып алышкан окшойт да. Анан мен дронду түшүрүп жатканымда, арка жагыман бир киши келип муштап жиберди. Ошондо дрон менен пульттун байланышы үзүлүп, дрон башка жакка түшүп калды. Анан дагы эки бала жана алардын артынан бир байке келип мага дрондун шаймандарын чогу алып кетип калышты.

– Жаныңда эч ким жок беле?

– Жанымда жалдаган таксинин айдоочусу бар болчу, Ороз деген. Бирок ал деле эч нерсени түшүнбөй калды. Азыр дрон милицияда турат далил буюм катары.

Негизи дрон таптакыр эле башка тарапка түшкөн. Анан алар таап алгандан кийин өздөрүнүн үйүнүн жанына таштап, “ушул жакка түштү” деп милиция чакырып берип жатышат. Муну далилдеп берсем деле болот. Анткени, ал үйгө чейинки ортодогу аралык 800 метрдей бар. Себеби аны башкарган телефондун энергиясы 11 пайыз калган. Муну дрондун эс-тутумунда калган кадр менен далилдеп койсо болот.

Эске сала кетсек, жогорку окуя тууралуу социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылууда. Учурда эки тарап тең арыз жазып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: