Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов 2020- жылы өтүүчү парламенттик шайлоодо кимдер шайланаарын божомолдоду.Депутаттын  “Марал” радиосуна берген маегинде бул жолкусун да акчалуулар жана алдамчылар келет. Парламенттин денгээли мыкты болсо, өкмөттүн курамы да мыкты болот. Бирок шайлоочулар мыкты эл өкүлүн тандап алууга даяр эмес.

Анын айтымында, коом даяр болбосо, мыкты жазылган мыйзам да иштебейт.

Шыкмаматов эл жакшы тилек кылганы менен шайлоого келгенде акча алып жатканын сындады.

«2020-жылы ким көп калп айтса, ким көп акча берсе, парламентке келип калат. Мен да саясатка жаштардын келүүсүн колдойм. Бирок 30 жаштагы балдарды көрүп жатам. Жаштар биригет да, 5 айдан кийин бири-бирин жамандап жүрөт. Алар саясатка келүүгө даяр болсо, ким тоскоол болууда? Лидерлер чыгып, бириксин», — дейт Шыкмаматов.

Булак: Марал радиосу

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: