Бишкек мэриясынын кызматкери 2 миллион сом пара алып кармалды

72

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек мэриясынын бөлүм башчысы жемкорлукка шек саналып кармалганын билдирди.

Расмий маалыматка караганда, ал Биринчи май районундагы Калыс-Ордо конушунан 7 гектардан ашык жерди турак жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүп берип, “жең ичинен көрсөткөн кызматы үчүн” 2 миллион сом алган.

Ошондой эле бөлүм башчы А.Н. өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен расмий документтерди жана Бишкек шаардык мэриясынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жасалма колун коюп, ошондой эле, бул жасаган иш-аракеттери мыйзамсыз экенин билип туруп, жерди бир категориядан башка категорияга которууга аракет жасаган.

Бул факт боюнча УКМК Тергөө бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь