Ташкент шаарында өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп, качып издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны Кыргызстанда жашырынып жүргөн. Бул тууралуу Баткен ОИИБнан билдирди.

Ал чек араны бузуп өтүп, 2016-жылдан бери Баткен облусунунун аймагында өзүнө легенда түзүп, аты-жөнүн Кошоков Бекболот деп өзгөртүп, үй-бүлө курууга жетишкен.

Кадамжай РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ,кылмышкер Кызыл-Кыя шаарынан кармалды. Кармалган жаран 1983-жылы туулган Аббосов Сайдуллахон болуп чыккан.

Аббосов 2010-жылы Өзбекстандын аймагында зордуктоо, адам өлтүрүү жана каракчылык беренелери менен жоопко тартылып, жазасын өтөп жатып 2016-жылы Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Исмат-Какыр айылы аркылуу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткн.

Кылмышкер убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ал эми чогултулган материалдар УКМКга өткөрүлүп берилди. Азыркы күндө бул жарандын үстүнөн Кызыл Кыя жана Кадамжай шаарынын бир нече тургундары арызданып, анткени “Кошоков Бекболот” эл ишенимине кирип жалпы 300 000 сомго алдап жүргөнү аныкталып, териштирүү иштери жүрүп жатат. 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: