Ошто жигердүү жаштар 25 метр жолго тепкич орнотуп беришти (сүрөт)

101

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүнө 25 метр аралыктагы өйдө жерге тепкич жана олтургучтар коюлду. Буга чейин жамгыр жааган күндөрү үстүртөн аккан суу жолду толугу менен ээлеп алып, тургундардын каттоосуна чоң ынгайсыздык жаратып келген.

“Кыргызстан Жаштар Ынтымагы ” коомдук бирикмеси тарабынан оңдолгон жол 28-сентябрь күнү пайдаланууга берилди. Эми бул жер каттоого көчө эле эмес чакан эс алуу жайына айланды.

Иш-чарага «Сулайман- Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Сонунбек Жунусбаев, жергиликтүү тургундар катышышып коомдук бирикменин мүчөлөрүнө ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь