Хакасия Республикасынын соту акча үчүн 7 жана 8 жаштагы кыздарын таанышына зордуктаткан аялга кылмыш ишин козгоду. Укук коргоо органдарынын берген маалыматында, кылмышка шектүү бачабаз менен аял экөө бир жылдан бери тааныш болуп, интимдик жакындыкта болушкан. Кыш айларынын аралыгында аял өз кыздарын зөөкүр менен жакындан тааныштырган. Кыздарды көргөндө эле ою арам болгонун кылмышкер жашырбаганын, кийин соттук териштирүү учурунда айткан.

Арам оюн ишке ашыруу максатын көздөгөн киши кыздардын энесине акча сунуштаган. Аял эркек кишинин айтканына көнүп, макул болгон. Кылмыш болгон учурда алар Саяногорск шаарында болушкан. Энеси кыздарын унаага чакырган.

“Эки кызды дал ошол унаанын ичинде энесинин көзүнчө бачабаз зордуктаган”,-деп билдирет жергиликтүү СК басылмасы.

Ушул жылдын июнь айында кылмышка шектүү “В контакте” социалдык тармак аркылуу 14 жашар кыз менен тааанышып. Алдоо жолу менен жолуккандан кийин, кызга башка ыкмадагы интимдик зордуктоо көрсөткөн. Жергиликтүү укук коргоо органдары 53 жаштагы эркек киши жана 34 жаштагы жабырлануучулардын энеси эки эпизоддогу кылмыш ишине тартылууда. Учурда сексоло-психологиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, кылмышкер киши гетеросексуал- бачабаз экени толук аныкталган. Азыр ал камакка алынып сурак берип жатат. Үрөй учурган бул кылмышка аёосуз жаза болуусун Хакасиялыктар талап кылышууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: