2-октябрь күнү саат 11:00 тартып Бишкек шаарынын калктуу конуштарында калкты кабарлоо системасы аркылуу сирена үндөрү жаңырат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Жарандык коргонуунун даярдык мерчемине ылайык Бишкек шаарында командо-штабдык машыгуу өткөрүлөт. Ошого байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарынын тургундарына сиренанын үнүнө тынчсызданбоону эскертет.
Иш-чаранын негизги максаты, калкты өзгөчө кырдаалдардан сактоо, ар кандай кырдаалдарга даяр болуу.