Грузия менен Казакстандын америка футболу боюнча командалары жолдоштук беттеш өткөрүп, массалык мушташ менен жыйынтыкталды.

Чет элдик басылмаларда оюн талаасында болгон окуянын видеосу жарыяланды. Белгилүү болгондой, оюн бүтөрүнө бир нече мүнөт калганда грузиялык спортчу каршылашына катуу сокку урган. Казакстандын командасы 22:12 эсеби менен алдыда келе жаткан болчу.

Казакстандык спортчулар жабыркаган оюнчуга болушуп чыгып, эки тарап мушташа кетишкен.

Казакстандын командасынын оюнчусу Рустем Амангельдиновдун айтымында, бир оюнчу жабыркап ооруканада. Анын дарылануусун Грузия тарап өз мойнуна алды. Ошондой эле грузиялык машыктыруучу жана Грузиянын футбол федерациясынын өкүлдөрү окуяга байланыштуу кечирим сургандыгы маалым болду.

Tengrinews.kz жазгандай, Казакстандын курамасында кыргызстандык оюнчулар дагы болгон.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: