Акын Зайырбек Ажыматов өзүнүн фейсбук баракчасына кемсингенинен ыйлаганын жазды. Анда Ош базарынын аймагындагы Чүй жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде китеп саткандардын китептери ыргытылганынан көзүнө жаш алган. 

 “Мен да бул окуяга күбө болуп, китептер ыргытылып жатканда кемсингенимден көзүмө жаш айланды. Көрсө МЭРИЯ кызматкерлери үчүн Айтматов, Осмонов, Касымбеков баштаган жазуучулар бир тыйынга да арзыбайт экен”

Окуя боюнча дагы бир интернет колдонуучу Элмира Ажыканова дагы жазып чыккан. Анын айтымында китеп саткандарды кубалаган мэриянын кызматкерлери.

“Мэриянын “желдеттери” көчөдөгү китеп соодасына тыюу салып, Алыкулду, Айтматовду, Касымбековду, Мидинди, Байдылданы оңду-солду ыргытып, тополоңун чыгарып жатат.
Көчөдө сатканга уруксаат эмес дейт. А мен айтаар элем – китептер тескерисинче көчөдө сатылышы керек. Китеп – арак, тамеки, сагыз, насыбай эмес тыюу салгыдай.
Урматтуу мэрия, китептерди көчөдө сатканга уруксаат берилсин. Ушул маселе каралууга тийиш.
(Чүй менен Б. Бейшеналиева көчөлөрунун кесилиши. Ленин р-дук соттун маңдайы)”

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: