Ош шаарында эттин баасы арзандатылмай болду. Бүгүн мэрияда вице-мэрлер жана касапчылар, фермерлердин катышуусунда эттин кымбатташы боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Вице-мэрлер Ош шаарында эттин баасы 360-370 сомго чейин көтөрүлүшү шаардыктардын нааразычылыгын жаратып жатканын айтып, эт саткан ишкерлердин пикирин да угушту.

Биз карапайым элдин пикирин биринчи орунга коюшубуз керек. Элде эттин кымбатташы боюнча нааразычылык болуп жатат. Башка район, облустарда эт кымбаттаган жок. Оштогу касапчылар өз билемдик менен бааны көтөрбөшү керек. Баарын көзөмөлгө алабыз”,- деди биринчи вице-мэр С. Турдуев.

Жыйынтыгында 4-октябрдан тарта Ош шаарында эт 340 сомдон сатыла турган болду. Бул боюнча протоколдук чечим кабыл алынды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: