Россияда кыргызстандык боксчу токмоктолуп каза болду

95

Россиядагы Ленинск-Кузнецкий шаарында эс алуу жайына келген 32 жаштагы кардар 25 жаштагы кыргызстандык жигитти катуу сабап, ал ооруканада каза болду. Белгилүү болгондой Кыргызстандын тургуну бокс боюнча машыктыруучу болгон.

“Газета Кемерова” басылмасы жазган маалыматта, Кемеров облустук ИИББ ден соолукка оор залал келтирген кылмышка шектүүнү кармады. Шектүүнүн айтып берүүсүндө, ал барда отурганда кардарлардын бири сүйлөшкөн кызы менен урушуп жатканын байкаган. Жигитти сүйлөшүүгө эшикке алып чыгып, ал жерден экөө мушташа кетишкен. Шектүү бир нече жолу жигитти башы менен асфальтка урган.

Окуя сентябрь айында болгон. Бирок 25 жаштагы Болот Атакулов өзүнө келгени менен 2-октябрда ооруканада жан берди. Учурда маркумдун достору сөөктү мекенине жеткирүү үчүн каражат чогултууда. Каза болгон кыргызстандыктын Кузбасста карындашы дагы бар.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Болот Атакулов Кузбасс, Сибирдин чемпиону, Россиянын жана Сибирдин Кубогунун ээси болгон.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь