«Бурсаспор» жана «Фенербахче» аттуу түрк тилектештик спорттук беттешүү учурун жергиликтүү массалык маалымат каражаттар тартып жатышкан. Кээ бири түз алып көрсөтүп жаткан учурда эки өспүрүм курактагы дос балдардын бирөөсү колундагы тамекинин түтүнүн булоолонто тартып жатканын бүт дүйнө эли көргөн.

Резонанстуу бул тасманын бөлүгүн көргөн түрк коомчулугу дүрбөлөңгө түшкөн. Анткени, бул спорттук мелдеш балдардын рак оорусуна каршы каражат топтоо үчүн уюштурулган кайрымдуулук мелдеш болчу.

Бирок, журналисттер тамеки тартып жаткан жаш баланын изине түшүп, ата- энесин табууга аракет кылышкан. Жыйынтыгы өтө таң калаарлык болду. Ал “ жаш бала” 36 жаштагы 3 баланын атасы болуп чыкты. Жанындагы анын досу эмес өзүнүн уулу болуп чыкты. Эми чуулгандуу тасманы талкуулаган түрк интернет колдонуучулары тамеки сүйүүчүнү «түрктүн Бенджамин Баттону» деп аташууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: