Ар бир министр, ар бир чиновник 10-15% үлүштө отурушат. Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева экономикалык жана фискальдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди

Депутат Бельгиянын фонд ачууну каалаган өкүлчүлүктөрү менен жолуккан учурда, алар Улуттук банк менен экономика министрлиги кабыл албай жаткадыгын айткан.
Депутаттын айтымында, Европалыктар долбоор тууралуу кайрылдганда 9 аткаминер «үлүшкө отурууну» каалашкан.

«Мен аларды мекендин саткынчылары катары социалдык баракка жарыялоо үчүн алардын визиткасын сурадым», – деди депутат.

Эгерде компания ишке кирсе, бир жылдык айлануусу 1,5 млрд. еврону түзмөк.

«Бизге 1,5 млрд. евронун кереги жок да. Бизге акчанын бир бөлүгү кимдир бирөөнүн чөнтөгүндө калуусу кажет да», –  деп билдирди эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева.

Булак : акчабар

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: