Жогорку Кеӊеште кесиптик бирликтердин укуктары менен ыйгарым укуктарын кайрадан карап чыгууга  багытталган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү менен Кыргызстан профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү эл өкулдөруүн суроолоруна жооп берүүдө. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар.

Депутат Алмазбек Токторов баяндама жасап ” профсоюздар федерациясы”боюнча  эски мыйзам мындан жыйырма жыл мурда кабыл алынгандыктан азыркы учурда замандын талабына ылайык мыйзам керек деп эсептейт.

Кесиптик бирликтер өзүнүн тарыхы бар, коомчулук турмушунда ээлеген орду бар коомдук уюмдардын бири болуп саналат. Ошондон улам, жаӊы мыйзам долбоору иштелип чыгып, кесиптик бирликтердин укуктары менен ыйгарым укуктары кыйла такталып берилди”, – деди ал.

Ошол эле учурда айрым депутаттар мыйзам чийки деп эсептейт. Эл өкүлү Эльвира Сурабалдиев “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзамдын 17- беренесин кайра толуктоо керек деген пикирде . Ал эми Марлен Мамбеталитев жаш курактагы өзгөчөлүктөр баш мыйзамга каршы келээрин, баш мыйзамда 16 жаш ал эми бул мыйзамда 14 жаш болуп калганын билдирди.

 кыргызстан профсоюздар федерациясына бул мыйзам менен көптөгөн артыкчылыктарды берип жатабыз. Эгер ушундай болуп кабыл алынса анда башка мамлеккеттик текшерүүчү органдарды жоюп салышы керек”- деди Сурабалдиев

Бирок Кожобек Рыспаев жаңы мыйзам долбоорун колдоп кетүүгө депутаттарды чакырды. Анын айтымында кыргызстан профсоюздар федерациясы бир ууч адамдын кызыкчылыгына кызмат кылбашы керек.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: