Айымдар үчүн бул беш чындыкты билүү, төрөттөн кийин уктоочу бөлмөгө батыраак кирүүгө жардам берет. Секс мурункудай сезилбеши мүмкүн. Бул нормалдуу. Төрөгөндөн кийин жыныстык катнаш учурунда мурункудай сезимдерди сезбесеңиз капа болбоңуз, бул табигый эле көрүнүш. Акыр аягы сиздин денеңизде жакында эле чоң өзгөрүү болду. Шеригиңиз менен ачык сүйлөшүп, көйгөйлөрдү талкуулаңыз. Сиздин денеңиз качан даяр болоорун өзү жакшы билет. Чыдап туруңуз. Төрөттөн кийин качан жыныстык катнашка барса болот, деген ой сиз үчүн кызык болушу мүмкүн.

Төрөгөндөн кийин бир жума ичинде сезгенүүнүн пайда болуу коркунучу жогору. Адатта, организмдин толук калыбына келиши үчүн эң аз дегенде 4-6 жума керек. Төрөттөн кийинки алгачкы жыныстык катнаш оорутуу менен коштолушу мүмкүн.  Эмчек эмизүүнүн натыйжасында организмде гормоналдык өзгөрүүлөр болуп, кындын кургашына алып келиши ыктымал. Натыйжада жыныс кыны назик болуп, секс учурунда бир аз оорутат. Бул учурда дарыгерлер атайын смазкаларды колдонууну сунуштайт.

Психологиялык жактан даяр болуу абдан маанилүү. Балалуу болгондон кийин жыныстык катнашка барууга психологиялык жактан даяр эмес болуу ыктымалдуулугу жогору. Бала эмизүү, кийимдерин алмаштыруу, жуунтуу, сейилдетүү ж.б. убактыңызды жана оюңузду толугу менен ээлеп алат. Ошондой эле төрөттөн кийинки депрессияга да чалдыгып калышыңыз мүмкүн. Маанайыңыз өзгөрүп, депрессиянын алгачкы белгилерин байкай баштаганда эле, дароо дарыгериңизге кайрылыңыз. Ал эмне кылуу керектигин айтып берет.

Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу зарыл. Эмчек эмизүү күтүүсүз кош бойлуулуктан коргоонууну камсыздашы мүмкүн, бирок жүз пайыз кепилдик жок. Төрөттөн кийин дароо эле коргонуу каражаттарын колдонуу зарыл. Болгону колдоноордун алдында сөзсүз дарыгер менен кеңешип, өзүңүзгө туура келгенин тандап алсаңыз болот.

Bilesinbi.kg 

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: