Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун кыргыз-казак чек арасындагы«Чалдовар» көзөмөл өткөрүү пунктундагы бейбаштык фактысы боюнча 3 киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКнын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар ортосунда болгон кагылышуу “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.

«Чалдовар айылынын 29, 23, 26 жаштагы тургундары кармалды. Алар соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш уланууда», -деп билдиришти башкармалыктан.

Эске салсак, 28-сентябрда көзөмөл өткөрүү жайынан ыкчам издөө иш-чараларын өткөрүп жатышкан УКМКнын кызматкерлерин жергиликтүү тургундар сабап салышкан. Урушту токтотуу үчүн Чек ара кызматынын кызматкерлери абага ок чыгарышкан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: