“Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өлкөдө уран жана торий казууга мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбооруна бут тосуулар болуп жатканын билдирди. Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөгөн депутат уран маселеси боюнча жазылган мыйзам долбооруна өкмөт өз пикирин билдирбей жатат.

” Беш ай өттү, булар искуственний түрдө сабатаж кылып бул мыйзамды комитет башчысы Кожобек Рыспаевдин кабинетине киргизбей жатат. Күн тартибинен экинчи жолу алдырып койду. Беш айдан бери кортунду бербей жатат өкмөт. Анда ачыгын эле айткыла уран менен торий казылсын”,- деди.

Ошондой эле депутаттарды  уран эмес  казылып жаткан алтынды эч кимге жедирбей, чыр-чатакташпай  казып алууга үндөдү.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: