Чемпиондор лигасынын экинчи турунда “Барселона” клубу италиялык “Интер” командасы менен оюн өткөрдү. “Камп Ноу” стадионунда болгон беттеште 2:1 эсебинде испаниялык клуб жеңип алды.

Оюндун 2-мүнөтүндө италиялык команданын оюнчусу Лаутаро Мартинес эсепти ачты. Биринчи бөлүктө дарбаза тарапка бир нече топ тебилгенине карабай гол кирген жок.

Экинчи бөлүктүн 58 жана 84-мүнөтүндө “Барсанын” чабуулчусу Луис Суарес эки голду тең буту менен тээп киргизди.

Белгилей кетсек, эки команда F тайпасына жайгашкан. “Барселона” саптын экинчи орунунда турса, “Интер” саптын акыркы орунунда жайгашкан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: