Депутат Карамат Орозовага Бишкектин айланасындагы Мурас-Ордо жаңы конуштун жашоочулары кат менен кайрылышкан. Аны эл өкүлү бүгүн парламенттин жалпы жыйынына салып, “ Мурас-Ордодо мектеп жоктугунан Озерное жаңы конушундагы мектебине барып 4 сменде 20 мүнөттөн окушат. Жогорку бийликтин бутактарына тургундар бир канча ирет кайрылышкан менен 10 жылдап бул маселе бүтпөйт. Быйыл 80 бала мектепке барат. Мектепке чейин барууга транспорт жоктугуна байланыштуу каттамы аз маршруттар балдардан 15 сомдон алышат. Ак- Бата жаңы конушунда жайгашкан бир кабаттуу мектепте 15 жылдын бери 180 орундук мектепте 1200дөн ашык бала окуйт. Мугалим менен окуучулардын ортосунда психологиялык чыңалуу болуп, пикир келишпестик көп болот. Ак-Бата, Ак-Жар жаңы конуштарында жашоочулар жыш отурукташкандыктан баланын саны да ошончо көп. Мектепте шарт жок. Министр барып көрүп келсин 1 сааттык жол”,- деп депутат Карамат Орозова билим берүү министрлик кызматына жаңы дайындалган Каныбек Исаковго кайрылды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: