Депутат Пархат Тулендыбаев, бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билим берүү министрлигине сын айтып, азыр айлыктын аздыгынан көпчүлүк мугалимдер агартуу кызматында иштегиси келбейт. Күчтүү мугалимдердин баары жаңы ачылган Газпром мектебине кетип калганын айтты.

“Мугалимдер санаторий, пансионаттарга акысыз эс алууга милдеттүү жана социалдык кепилдиктер кагаз жүзүндө эле калбастан өкмөт тарабынан ишке ашса жакшы болмок. Себеби, Кыргызстандын келечек муунун тарбиялоочу мугалимдерге мамлекет кам көрүп, беделин көтөрүү керек”,- деди депутат.

Эскерте кетсек, КРнын Гимнин туура эмес ырдап коомчулукта талкуу болуп келген Түлендыбаев өкмөткө кайрылуусун кыргыз тилинде жасады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: