“Республика- Ата Журт” партиясынын депутаты Марлен Мамбеталиев: “Кыргызстандан күн сайын ондогон жарандарыбыз ден соолугуна байланыштуу чет жакка чыгып, чет элдик операция, же кымбат баалуу дары-дармек менен дарыланууга муктаж болуп жатышат. Биздин жарандар өз алдынча барып кыйналып кысталып барып келет. Ошол клиникалар менен мамлекет өзү иш алып барып аларга кайрылган болсо, келишим же мемарандум түзүп койсо, бир топ кыргыз жарандырыбыздын чөнтөгүнө жардам болуп, керек болсо өлүмдөн сактап калат элек. Канчалаган мечиттер ошондой демөөрчү табуу, сүйлөшүү жолу менен салынып жатат. А эмнеге ооруканаларды жабдысак болбойт? Кыргызстанда козу карындай көбөйгөн жеке клиникаларга мамлекет тарабынан мыйзам аркылуу аларга кичине жардам болгон болсо ошол эле чет өлкөлөрдө жасалып жаткан оор операциялар бизден жасалмак дешет. Алар айткан кымбат баалуу медициналык аппараттарды пилоттук долбоор менен алып бербейлиби” деген сунушу менен кесиптештерине жана өкмөт мүчөлөрүнө Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кайрылды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: