Депутат Улукбек Ормонов: Манасчыларды мамлекетте чоң маареке болгондо гана эстейбиз

161

“Бир бол” фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов бүгүн парламенттин жыйынында манасчыларды убагында баалап, колдоого алуу сунушун билдирди.

Менин айтаарым биз кыргыз болгону Манас жана Чыңгыз атабыз менен сыймыктанабыз. Саякбай Каралаевдин версиясындагы “Манас” көлөмү жагынан Гиннес китебине кирген. Бирок, бүгүнкү күндө биздин манасчылар кайда? Республика боюнча 2 гана манасчы мамлекеттен айлык алып жашайт. Калганы кайда? Аларды биз чоң бир маареке богондо гана эстейбиз. Деги эле манасчыларды штат менен карасак. Мамлекеттик бюджетттен айлыктары чектелсе, чоң кыргыздын көрөңгөсүн сактап кала алабыз. Коңшу Кытай мамлекетинде 70 манасчы мамлекеттен айлык алат экен. Манасты жайылткан кишилерди убагында баалап, аларды колдоого алсак”- деп өкмөткө сунуш киргизди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь